www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оозунан жаңылган Ыманалы Саркулов

Башкы прокуратура ИИМдин Жол коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берди. Эскертүү орун басарга анын “Жол коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине байланыштуу тартылган сүрөт, тасма алардын уруксатысыз коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат” – деп айтканы үчүн берилген.

“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин иш учурунда сүрөткө, тасмага тартуу жана аны коомчулукка жарыялоого тыюу салуу каралган эмес. Ошондуктан кызмат адамдары мындай билдирүүлөрдү жасоого жол берилбейт”, – деп кошумчалаган Башкы прокуратурадан.

Байкуш Ыманалы мырза ойлонбой айтып алганбы же айтайын деген оюн парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаевге окшоп туура эмес билдирип алганбы, айтор иши үчүн эмес, айткан сөзү үчүн прокуратурадан эскертүү алып тынчыды. “Ойлонбой сүйлөгөн онтобогон ооруга чалдыгат” деген ушул.

Булак: "Фабула"

Последние новости