www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2250-резолюциясынын («Жаштар, тынчтык жана коопсуздук») кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө министр Кыргызстанда жаштардын саны 2,5 миллиондон ашып, өлкө калкынын үчтөн биринен көбүн түзөрүн белгиледи. Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жаштар деп 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар эсептелет. 2025-жылы БУУнун 2250-резолюциясын ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга карата Улуттук аракеттер планы Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген. Бул документти кабыл алган Кыргызстан ЕБКУ аймагындагы экинчи, ал эми дүйнөдө тогузунчу өлкө болду.

Министр өзгөчө көңүл гендердик теңчиликке жана зомбулуктун алдын алууга, анын ичинде санариптик зомбулукка каршы күрөшүүгө бурулуп жатканын белгиледи. Кыргызстанда жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин «Гендердик зомбулукка каршы 16 күн» акциясы өтүп, 2025-жылы аялдарга жана кыздарга карата санариптик зомбулук маселесине басым жасалууда. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен 2025-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттеги депутаттык мандаттардын 30 пайызы бир жыныстын өкүлдөрү үчүн квота катары бекитилди. Акыркы шайлоолордун жыйынтыгында аялдар 33 пайыз мандатка ээ болушту.

Ошондой эле министр жаштардын мамлекеттик башкарууга катышуусу кеңейип жатканын белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын 15 пайызы, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын 23 пайызы жаштар экенин айтты. Мындан тышкары, 2025–2028-жылдарга карата жаштардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып, жаштар демилгелерин каржылоо жыл сайын өсүүдө.

Сөзүнүн аягында Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштаганын белгилеп, өлкө жаштарды тынчтыкты бекемдөө, коопсуздукту камсыздоо жана туруктуу өнүгүү процесстерине активдүү тартуу боюнча БУУнун 2250-резолюциясынын принциптерине берилгендигин тастыктады.

Последние новости