www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясында жергиликтүү бийликтин жыйыны болуп өттү. Ага Чүй облусунун башчысы Мирбек Мияров катышты.
Ал жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчыларына ачууланып, иштей алышпаса, ордуларын иштейм дегендерге бошотуп берүү керектигин айтты.
«Иштегиӊер келбейби, ордуӊарды иштейм дегендерге бошотуп бергиле. Ансыз деле Кыргызстанда жумушсуздар көп. Сиздердин ордуӊарга компетенттүү иш алып барган кызматкерлер табылат», - деди ал.
Өкмөттүн Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аден Турусбеков: «Сокулук районуна караштуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары Мирбек Ибаратовичге кайрылуу жасап, чакырышкан. Облустун жетекчиси жыйынга барып, элдин көйгөйүн укту. Жыйынга мамлекеттик нотариустун кызматкерлери, райондук архитектура жетекчилери да катышты.
Бул жерде облус башчысы айыл өкмөттөргө нааразы болуп, ачууланды. Айыл өкмөт башчылары элдин көйгөйүн жеринде чечип, маселени карай албай жатат. Мындан улам нааразы болгон эл акимге, облус башчысына арызданып, кайрылып жатат. Негизи жергиликтүү бийлик өзү эле чечип койчу маселелер экен», - деди.
Булак: NazarNews.kg