www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-февралда калкты тейлөө борбору-2де Бектур Алибаев идентификациялык картанын (ID-карта) эки миллионунчу алуучусу болуп, ага салтанаттуу түрдө паспорт тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алибаевге паспортту жана белектерди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды.
Өспүрүм калкты тейлөө борборуна жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган. 17-февралда ал 17 жашка толот.
Паспорттун эки миллионунчу ээсинин айтымында, кызмат көрсөтүүлөр тез жана өз маалында жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган.
Долбоор KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыгарылган, сервердик жабдуулар жана 1,9 млн бланк берилген.
Булак: NazarNews.kg