www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Министрликтер азайганы менен алардын жоопкерчилигин жогорулатышыбыз зарыл», - деди бүгүн, 5-февралда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, улуттук энерго холдингдин жоюлуп, министрлик болгону туура эле болдубу?

-Туура эле болду. Бирок, энергетика жана суу министрлиги болуп түзүлсө жакшы болмок. Чынында улуттук энергохолдинг арабанын бешинчи дөңгөлөгү болчу. Ага карабай ошону түзүп, пайдасыз иштер менен алек болушту. Эгерде министр өзүнүн ордун билсе, Кыргызстандын энергетика министри өкмөт башчысынан да жогору турат. 

Анткени, энергетика тармагы өлкөбүздүн экономикасынын эң маанилүү тармагы. Бул тармакта тартип болсо жалпы экономикабыз өсөт. Бул аксиома. Эгерде энергетикага сууну кошсо - энергетика жана суу министрлиги болуп түзүлүп, анда министрдин аброю өтө бийик болмок. Кыргызстанда эле эмес, бүткүл Орто Азия да дагы. Энергетика жана суу министрлиги кылсак, мамлекеттик суу ишканасын ачып, ага Кыргызстандагы баардык суу сактагычтарды киргизип, 1 куб.метр сууга бааны койсок, суу аркылуу эле казынага  миллиарддаган киреше алып келсек болот. Эгер ыкманы ишке киргизсек, кошуналар да сууну бекер албай, рационалдуу колдонуп калмак.

- Айтмакчы, ветеринарияны айыл чарбага кошсо, таш талканы чыгып, талапка жооп бербей калат деген пикирлер айтыла баштады. Буга не дейсиз?

- Эгер министрлик айыл чарба жана мал чарбачылык деп аталса, анда ветеринария сөзсүз ушул министрликке кириши керек. Ошондой эле, ветеринариянын талаптарын эске алынса, калпыстыкка жол беришпесе, эки тармактын ишин бир эле министрлик алып кетсе болот.

- Баса, министрликтердин кыскарганы колдоого татырлык ишпи?

-30 жылдын ичинде экономика эле эмес, мамлекеттин түзүлүшү өзгөрүп, башкаруу системасы алмашып, жыйынтыгында партиялык система башаламандыкты жаратты. Ал турсун партиялык системанын айынан жооптуу кызматтарга татыксыздар келди. Мындан ары катачылыкка жол бербейли десек, өкмөттүн структураларын жөнөкөй түшүнүктүү, рационалдуу, натыйжалуу кылууга киришишибиз керек. Министрликтер азайганы менен алардын жоопкерчилигин жогорулатышыбыз зарыл.

Азыр жоопкерчиликтин жоктугунан пайдаланып, абалды бири бирине шылтап, эл аралык трансулуттук корпорациялар, эл аралык каржы институттар аркылуу либералдык экономика саясатын жүргүзүп, бизге окшогон көп мамлекеттерди көз каранды кылып алышты. Дүйнөдө чоң саясый, экономикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Чоң мамлекеттер либералдуулуктан баш тартып, жаңы саясый экономикалык моделдерге өтүүгө даярданып жатышат.

Биз дагы муну эске алып азыркы либералдуу саясий-экономикалык моделден чыгып, өзүбүздүн жөнөкөй, түшүнүктүү, көз карандысыз экономикалык, саясый моделге өтүшүбүз зарыл.

Классикалык саясий экономикалык мыйзамдарга таянып, өзүбүздүн экономикалык өндүрүш контурубузду түзүшүбүз керек. Буга мүмкүнчүлүк дагы шарт дагы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости