www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өкмөттүн курамын бекиткен эл өкүлдөрүбүз башка планетада жашап жаткандай. Жаңы курамдын ичинен Ташиев гана татыктуу деп ойлойм. Мындай пикирин теле журналист Зарылбек Шермаматов бүгүн, 5-февралда өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Реформа миңдеген адамдарды жумушсуз калтыруу менен эмес, Бажыдагы, «Кумтөрдөгү», Сот тармагындагы коррупцияны жоюу менен башталышы керек эле. Мисалы Энергетика системасын реформа кылам деп жетекчилигине 30 млн сом зыян келтирип соттолгон адамды алып келип министр кылса болобу?

Улукбек Мариповду мен Сооронбай Жээнбековго окшоштурам. Өзүнүн амбициясы жок. Өз алдынча чечим чыгара албаган. Жогору жактан эмне тапшырма болсо ошону аткарат. Экономикалык, саясий, юридикалык жөндөмү деле байкалган эмес. Ушул кезге чейин казынадан миллиондор уурдалды. Ачык айтып коомчулукка чыгып, - «Туугандар ушул жерде мамлекеттин акчасы максатсыз иштетилди. Чара көргүлө» - дегенин укканыңар барбы? Саясий экономикалык оор кырдаалда жоопкерчиликти жон териси менен сезип, өзүнүн актуалдуу, прогрессивдүү ойлору менен бөлүшкөнүн укканым жок.

Дегеле өкмөт мүчөлөрү кандай критерийлер менен тандалып алынганы түшүнүксүз. Коргоо министри болуп келген Өмүралиев дагы 5 млн сомду максатсыз жумшаганы үчүн мурда соттолуптур. А биздин өкмөттүн курамын бекиткен эл өкулдөрүбүз башка планетада жашап жаткандай. Жаңы курамдын ичинен Ташиев гана татыктуу деп ойлойм», - деп белгилген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости