www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү үчүн бул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок» санариптик форумунун жалпы сессиясынын жүрүшүндө билдирди.

«Албетте, Биримдиктин ар бир өлкөсү санариптик трансформацияда белгилүү натыйжаларга жетишти. Ага карабастан товарлардын эркин жүрүшүн, транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү, экспортту, жарандардын эркин жүрүүсүн камсыздоо милдеттерин чечүү үчүн интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган санариптик демилгелерди колдоого алуу зарыл. Эл аралык кызматташууга карай муктаждык киберкоопсуздук жана персоналдык маалыматтарды коргоо маселеси жаралгандыгына байланыштуу көбүрөөк пайда болууда. Киберкоопсуздук маселесин киберкоркунучтардын глобалдуу, трансулуттук мүнөзүн эске алуу менен чечүү зарыл. Ошондой эле санариптик рыноктор индустриясынын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн пикир алышуусу үчүн туруктуу аянтчаны уюштуруу максатка ылайык келет», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы тараптан бизнести өнүктүрүү, ошондой эле санариптик технологияларды ишке киргизүү менен жарандардын жашоо ыңгайлуулугу үчүн шарт түзүү жана ачык санариптик коом уюштуруу боюнча активдүү чаралар кабыл алынууда.

«Экономиканын бардык тармактарын санариптик трансформациялоонун улуттук чөйрөсүн түзүү боюнча конкреттүү кадамдар жасалган. Ал үчүн тийиштүү ченемдик укуктук база иштелип чыккан. Салык жана бажы органдарын санариптик трансформациялоо, мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү жана мамлекеттик башкаруунун санариптик технологиясын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө биз билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын кошо алганда, социалдык блокко басым жасоо менен базалык маалыматтык чөйрөнү курдук, ал COVID-19 пандемиясы учурунда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Алдыда санариптик технологияларды кеңири ишке киргизүү боюнча чоң пландар бар. Санариптик технологиялардын жетишкендиктерин толук кандуу пайдалануу саясаттын маанилүү элементи катары, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн улуттук приоритеттеринде камтылган», - деп белгиледи премьер-министр.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов форумда көтөрүлгөн бардык демилгелер ишке ашырылып, биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пайдубалын чыңдоого жана биргелешкен максатка жетүүгө өбөлгө түзүлөөрүнө ишеним билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости