www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 4-февралда Токмок шаарында миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бизнесмендер Александр Машкевич менен Патох Шодиев да катышты.

Досун коронавирус алып кеткенин айткан Шодиев: «Алик - мээримдүү жана сүйүктүү ата. Биз бүгүн эң сонун адам менен коштошуп жатабыз», - деп белгиледи.

Андан кийин сөз алган Машкевичтин айтымында, Токмок шаарына биринчи жолу 49 жыл мурун келген.

«Алик экөөбүз 49 жыл бою ажыраган жокпуз. Ушундай эң сонун досум, агам бар экенине секунд сайын сыймыктанчумун. Эмне иш жасасам да сөзсүз «Алик кандай ойлойт болду экен? Эгерде ушул ишти жасасам, ал эмне дейт болду экен?» деп ойлочумун. Анткени, ал эталон болчу. Чынчылдыктын эталону. Ал улуу адам болчу, анын канчалаган пландары бар эле...

Анын ишин, идеяларын баласы, неберелери улантат деп ишенем», - деди Машкевич.

Машкевич менен Шодиев сөз сүйлөп жатканда көз жашын кармай алышкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости