www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Разаковдун орду түрмөдө. Мындай пикирди NazarNews маалымат агенттигине “Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова айтты.

--“Мен премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча маалыматты угуп, атайын NazarNews маалымат агенттигине кайрылдым. Себеби, бул маселе боюнча биздин коомго бир канча мигранттар, тургундар кайрылып, ушул маалымат чын экенин Марипов тастыктап берүүсүн талап кылышууда. Буга чейин Төрт-Гүл суу сактагычы Тажикстанга өтүп кеткени эл арасында айтылып, буга вице-премьер-министр жеңиш Разаковдун тиешеси бар экени айтылып келет. Мен дагы 2019-жылы Баткендеги бир канча жерлер мыйзамсыз сатылып кеткенин айтып чыккам. Аларга дагы Жеңиш Разаковдун тиешеси болгон. Мен ошол аймактарга барып, жеринде телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, Жеңиш Разакводун былыктарын ачык айткам. Бирок көп өтпөй ал  өзүнүн адамдарын жиберип “мени мактап койсун, акчасын төлөп берем. Эки миң долларга чеийн акча берем” дептир. “Мен сатылбайм, акыйкатты аягына чейин айтам” дедим. Разаковго карата дагы чындыкты айтып чыкканда, менин бетиме көө жабуунун амалын көргөн. 2019-жылы Баткен облусунда жүрсөм атайын балдарына акча бердиртип жибериптир. Анан алар догурунуп чөнтөгүмө салып жатканда милиция кызматкерлери келип мени кармап калды. Мени каматканга чейин барган, сыздаткан. “Ак ийилет- бирок сынбайт” демекчи мен сынган жокмун. Азыркыда Жеңиш Разаков жообун алат.

Баткен облусунда көптөгөн жерлер мыйзамсыз сатылып кеткени айтылып жүрөт. Буларга ошол кездеги губернатор Жеңиш Разаковдун түздөн-түз тиешеси бар. Муну эл дагы ачыктап, массалык маалымат каражаттары аркылуу айтышууда.

Ошондуктан Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана Улукбек Мариповго кайрылам. Сиздер мамлекеттин бир метр жерин дагы саткан адамды аныктап, жазасын бериңиздер. Бул Жеңиш Разаков ушул кезге чейин ошолор боюнча жоопко тартылбаганы элдин кыжырын келтирет. Мен бул адамдын мыйзам алдынада жооп беришин талап кылам,” – дейт Бекмуратова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости