www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада чакан ишкерлик кылган Самат Уранкай Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал оңолгон убакта чет жактагы мигранттар өздөрү кайтат деген ойдо. Анын белгилешинче, азыркы кезде сыртка иш издеп чыга тургандардын санын азайтуу маанилүү.

--"Кызматка жаңы киришип жаткан президенттин "чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, сыртка чыккан мекендештерибизди чакырып алабыз" деген убадасы кулакка жагымдуу, жүрөккө жылуу нерсе. Үмүт кылабыз, албетте. Бирок, канчалык оптимист болбойлу, ондогон жылдардан бери сыртка чыгып кеткен миллиондой мигранттардын социалдык абалы ар кандай катмарларга бөлүнүп калды. Ошонун баарын тез арада Кыргызстанга кайтарып, жумуш менен камсыз кыла коюу мүмкүн эместей сезилет. Мигранттарга жумуш орундарын түзүп берүүдөн тышкары, Кыргызстандагы саламаттык сактоонун сапаты, билим берүүнүн деңгээли, сөз эркиндиги, сот, укук коргоо органдарынын адилеттүүлүгү, кылмыштуулук жана кылмыштуу топтор менен күрөш сыяктуу шарттар түзүлүшү керек. Андан тышкары мамлекеттик камкордук – пенсия, балдарга төлөмдөрдүн көбөйүшү маанилүү. Ушунун баарында өзгөрүүлөр болсо анан бир айда же бир жылда эмес, акырындык менен биринчиден, сыртка кеткендердин агымы азайып, анан сырттагылар кайта баштайт" - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости