www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркектер башкарган мамлекеттерде, коррупция жок болуп кетсе, коррупционерлер ачка калбайбы? Королева Маргарита экинчи жетектеген Данияда, королева Елизаветага көз каранды Жаңы Зеландияда,премьер-министр Санна Марин жетектеген  Финляндияда коррупцияны жок кыла алышты. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып, дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.

«Transparency International» эл аралык уюму

«Transparency International» уюму коррупцияны азайтуу боюнча рейтингдерин берди. Уюм биринчи кезекте бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарга жол бербөөгө чакырат. Ошондой эле саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүүгө кеңеш берет. Уюмдун коррупция боюнча индекси 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. Кайсы өлкөнүн баллы көп болсо, ал жерде жемкорлук аз деп эсептелет. Кыргызстан 31 балл алып, Кения, Мексика жана Пакистан менен бирдей орунга коюлду. 100 баллдын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 баллдан көп алган өлкөлөр – биринчи Дания жана экинчи орунда Жаңы Зеландия. 85 баллдан өйдө үчүнчү орунда Финляндия, төртүнчү орунда Сингапур, бешинчиде Швеция жана алтынчы орунда Швейцария өлкөлөрү алышты. Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү. Орусия 28 балл менен 145-чи орунда Өзбекстан да позициясын жакшыртып, 26 балл менен 156 орунда, ал эми Тажикстан былтыркыдай эле 25 балл алып 157-чи орунда болсо, Түркмөнстан 19 балл алып 167-чи орунда. Эң акыркылары эң аз 12 балл алып, абдан коррупциялашкан өлкө аталгандар – 179 –чу орун Түштүк Судан жана 9 балл алып 180-чи орунду  Сомали алды.

2019-жылы 100 упайдан 30 упайды алып, Кыргызстан 126-чы орунду ээлеп Жибути, Украина менен катарлаш болгон. Кудайга тобо, эки орунга алга жылыптыр. Ал эми 2018 -жылы Кыргызстан 132-орунда эле, ага салыштырмалуу 8 пайызга көрсөткүчүн жакшырта алган. Мурункуларга салыштырмалуу жылыш бар, бирок ал көзгө басарлык эмес.

Коррупция аз деген мамлекеттик органдар

Облустук, райондук жана айылдардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупция  аз деген мамлекеттик органдар деп табылды. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Коррупция аз деген мамлекеттик органдар:

- Жергиликтүү мамлекеттик администрация (39,4%);

- Өкмөт өкүлчүлүктөрүнүн аппараты (39,2%);

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (36,8%);

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык байланыш боюнча мамлекеттик агенттиги (35,8).

Коррупция коркунучтуу оюн

Коррупция коркунучтуу оюн экен, так эсебин ким билет, бирок коррупцияга каршы чыккандардын айтымына караганда 2020 – жылы коррупция аркылуу кымтылган акчалардын саны миллиарддан эбакта ашып кетти. Бул, албетте, билинген гана коррупциянын жыты, билинбеген коррупциялар канча экенин ким билет? 2019-жылдын башынан бери мамлекетке коррупция аркылуу зыян келтиргендердин саны 5 млрд 981 млн 843 миң 700 сомго жетип, тергөө кызматкерлери аркылуу 2019-жылы коррупцияга таянып “коркуратып” мойнунан бурагандардан 183 млн 809 миң 294 сом мамлекеттин казынасына түшүргөн.

Башпрокуратура коррупция иштери боюнча 962 кылмыш иштерин козгогон:

- Кызматын кыянаттык менен пайдалангандар — 32;

- Мамлекетке пайдасыз, өзүнө пайдалуу контракттарды түзгөн үчүн — 3;

- Мыйзамсыз байыгандар— 4;

- Пара алып же пара бер деп зордогондор — 53;

- Кызматтык кара ниеттик — 56;

- Паспортторду мыйзамсыз бергени үчүн — 12.

Калган акчаларды ордуна коюу үчүн тергөө иштери катуу жүрүп жатат. Бүгүн жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун мойнунда 5 миллиард долларга чукул акча тышкы карыздары бар. Өзү да инаугурацияда бул тууралуу кеп кылды.

2016-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандагы коррупция үчүн 50дөн ашык адам соттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдаган. Ведомство беш жыл ичиндеги укук бузуулар жөнүндө маалыматты жарыялаган. Жыл сайын соттор 7,1-7,7 миң адамга карата өкүм чыгарган. Жылдар боюнча коррупция үчүн соттолгондордун саны тууралуу маалыматтар:

киши;

2016-жети киши;

2017-11 киши;

2018-18 киши.

2019-12 адам;

2020-жыйынтыгы чыга элек

Кызматка орношуу боюнча Кыргызстандагы ставкалар болжол менен канча?

Кыргызстандагы коррупционерлердин ставкалары тууралуу эл арасында ар кандай кеп айтылып келатат:

1.Ак үй, премьер-министрлер - 1млн. $ - 1 млрд. $ чейин;

Партия заманында коррупция кылгандан коркушчу. Акаев: “Коррупция жетинчи кабатка жетти”-деп кан-какшап калчу. Ошол мезгилден баштап коррупция жетинчи кабаттан түшпөй келатат. Жакында мурунку өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев камакка алынды. Ал өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамсыз кол койгон. Андан тышкары радио жыштыктар үчүн 10 миллиард сом пара берилген деп жүрүшөт. Бирок, бул иш карала элек.

2.Өкмөттө, вице-премьерлер: - 100 миң $ -100 млн. $ чейин ;

Жумабек Ибраимов деген премьер-министр болгон. Ага акча берип чоң кызматка келе турганга макул болбой койгон. Акимдин баасы анда 50 миң доллардан 300 миң долларга чейин экенин айтып,эч кимден акча албай бирок тез эле көз жумган.

3.Парламентте: - 1000 $ - 100 млн. $ чейин ;

Атамбаев кээ бир акчасы жокторду жетелеп, чимкиригин чубалтып, айдактап парламентке алып келген. Арийне, депутат болгондон кийин сатып кетишти. Эми жаңы депутаттардын тизмеси түзүлүп жатыптыр, булардын канчоосу депутат болору белгисиз.

4.Сотто -1000 $ - 1 млн. $ чейин ;

Сотто иштеш үчүн 1000 доллар аздык кылат. Жакында сотто болгон коррупция тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир топ иштердин бетин ачты.

5.Бажыда ( таможняда ) - 100 $ - 100 млн. $ чейин ;

100 доллар эмес. 100 миң доллар болуш керек.

6.Прокуратурада - 500 $ - 500 миң. $ чейин ;

7.ИИМде 50 $ - 50 миң. $ чейин ;

8.Мам.каттоододо ( Госрегистрде ) - 50 $ - 100 миң. $ чейин;

9.Бишкек мэриясында: - 100 $ - 10 млн. $ чейин;

10.Облуста - 100 $ - 1 млн. $ чейин;

11.Райондордо - 50 $ - 100 миң. $ чейин;

12.Айыл өкмөттөрдө - 10 $ - 50 миң. $ чейин;

13.Геологияда - 100 $ - 1 млн. $ чейин;

14.Илимдер Академиясында - 50 $ - 50 миң. $ чейин;

15.Саламаттыкты сактоо министрлигинде - 10 $ - 1000 $ чейин;

Кыргызстанга пандемиянын кесепеттеринен улам 347 миллион долларга жакын сумма мамлекетке келип түшкөн. Ал кандай тартип менен бөлүштүрүлүп, кандай сарпталды? Бардыгынын эсеби так маалым болушу керек. 2020-жылы донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 миллион долларлык жардам көрсөтүүгө убада беришкенин, бул акчанын 343 миллиону бөлүнүп берилгенин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 31-декабрда кабарлаган. Тыштан жардам коронавируска каршы күрөш үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да суралганы, бөлүнүп берилген 343 миллион доллардын 271 миллиону насыя, 72 миллиону грант катары келгени маалым болгон. Кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган.

16.Билим берүү тармагында - 1 $ - 500 $ чейин;

17.НПОлор , НКОлор - 1000$ - 1 млн. $ чейин;

Журналисттер өздөрү жөнүндө жазышпайт деп ойлобосун. Журналистикада кызматка орношуу боюнча коррупция жок. Анткени, бул тармакта иштеген адамдын капчыгына эмес, иш-дараметине басым жасалат. Экинчиден, айлыгы башкаларга салыштырмалуу төмөн, бирок жаш журналисттер келечекке карьера жасап алса болот, ошондуктан журналистиканы көпчүлүгү трамплин катары пайдаланышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости