www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө арак-шараптын баасы кымбаттайт

Этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жыл сайын жогорулашына ылайык, 2021-жылдын январынан тартып бул продукциялардын түрлөрүнө акциздин жаңы ставкалары белгиленгендигин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул ЕАЭБдин алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалды.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. 2022-жылы акциз 140 сомду, 2023-жылдан тартып 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 120 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда бул ставка 100 сомду түзгөн. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-жылы бул сумма 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле, аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости