www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

«Сизге жаңы милдеттериңизди аткарууда ийгиликтерди каалаймын. Кыргыз Республикасы БУУнун далилденген жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз менен биздин кызматташтык 2020-жылдын ноябрь айында жарыяланган БУУ менен Кыргыз Республикасынын Биргелешкен Билдирүүсүнө ылайык мындан ары да бекемделе берет деген ишеничтемин. Учурда, татаал глобалдык көйгөйлөр болуп турган кезде, БУУнун Уставында белгиленген баалуулуктарды жана идеалдарды мындан ары жайылтууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Сиздин колдооңузга ишенемин.

Буга байланыштуу, Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттаймын.

БУУ тарабынан, анын ичинде Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатиянын регионалдык борбору аркылуу Сизге колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирүүгө уруксат этиңиз», — деп белгиленет БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-январда Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши – мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Эске салсак, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости