www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча күбө катары сотко чакырылды. Ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотунда ушундай чечим кабыл алынганын 29-январда Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген. 

--«Зилалиев кармалганда «Оптима банктын» кутучасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тарап, элдин аң-сезиминде сакталып калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет (УКМК) тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан аны эч ким суракка алган эмес, УКМК да «жок, бул миллион доллар сеники» деген жүйө менен сотко өткөрүп берген. Азыр экс-президент башка жарандардай эле укукка жана милдетке ээ».

Маалыматтарга караганда, Жээнбеков сотко 3-февралга чакырылды. Буга чейин, адвокат Токтакунованын айтымында, ал суракка 28-январга чакырылган, бирок жаңы президенттин инаугурациясына катышкандыктан сотко барбай калган.

Экс-президент Жээнбеков өзү же анын жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Жактоочулардын апелляциялык арызы боюнча бул ишти азыр шаардык сот карап жатат.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости