www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Амантуров үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу Амантуров сот ишине катышуу үчүн 2-июнда Биринчи май райондук сотуна келген учурда журналисттерге айтты.

Амантуровду 2020-жылы 30-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мэрия менен "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп камакка алган.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал өзүнө караштуу ишкана аркылуу шаардын жолдорун оңдоо жана куруу иштери боюнча мамлекеттик сатып алууда жемкорлукка барган деп эсептейт.

Атайын кызмат билдиргендей, 2015-2019-жылдары Амантуров менен байланышы бар компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмалар берилип турган жана ошол акчанын бир бөлүгүн ал өзүнө алып жүргөн. УКМК мэрия каржылоону өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан жумуш толук аткарылбай келгенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости