www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, депутат Мирлан Бакиров Бишкек шаарындагы Ленин райондук карылар үйүнө барып, аларды бүгүнкү карылар күнү менен куттуктады.

Жолугушуу учурунда “Кадырман карылар сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздерди биз эч качан унутпайбыз. Мамлекеттүүлүктү түптөөдө салымыңыздар ат көтөргүс экени талашсыз. Жаш муун эл үчүн кылган кызматыңыздарга таазим этет”, – деди Мирлан Бакиров.

Иш чаранын соңунда төраганын орун басары карылар үйүнүн иши менен таанышып, атайын ала барган белектерин тапшырды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости