www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 1-октябрда  өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Премьер-министр  Президентке  үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди. Индексациядан кийин орточо  пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө  жана  төлөгөн камсыздандыруу акыларына  жараша пенсиянын  камсыздандырылган бөлүгү 7,1%дан 18 пайызга чейин  көбөйөт. Башкача айтканда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% өсөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков  өлкөнүн жарандарынын алдындагы мамлекеттин  социалдык милдеттенмелерин сапаттуу аткаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

«Ардагерлерге жана пенсионерлерге  камкордук  көрүү — мамлекеттин  өтө маанилүү социалдык милдети. Биз өлкөбүздүн улгайган жарандары алдында    карыздарбыз. Ошондуктан алардын турмуш шарттарын жакшыртууга  күч аракет жумшоого милдеттүүбүз», — деп Президент  улуу муундагы кыргызстандыктар  күнүнө мамлекеттин камкордугун сезүүгө тийиш экендигин кошумчалады.

Өлкөнүн улгайган  жарандарына социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Тактап айтканда, Мамлекет башчысына улгайган адамдарды медициналык жана социалдык  жактан тейлөө жөнүндө маалымат берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошону менен катар 2018-жылдын 1-октябрынан тартып  стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылат деп маалымдады.

Медициналык кызматкерлердин айлыктарын жогорулатууга каражат республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылдын 1-октябрынан тартып каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости