www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Климакстык терең кризистен уламбы же башка себептери да барбы, айтор, биздин экс-жетекчи айрым айымдар эрмектегенге башка эч нерсе табылбай калгансып улуттук менталитетибизге, салт-санааларыбызга таптакыр ылайык келбей турган аялдарды - эркектерге, келиндерди - кайын эне, кайын аталарына шыкактап, үй бүлөлүк баалуулуктарды талкалоого чакырган иш чараларды өткөрүүнү адатка айландырып алышты. Алардын бири эркектерди “караларга” салыштырса, шакирттери “менин денем-меники”, “мен чай куйбайм, кир жуубайм”, “качан эрге тиерди өзүм билем, бала туубайм” ж.б. ушул сыяктуу транспаранттарды көтөрүп чыгышса, экинчиси Скандинавиядан бир аялды жалдап келип, Улуттук көркөм сүрөт музейине дардайтып жылаңачтап жаткызып салышканы эсибизде. Алар өздөрүнүн кем акылдарында биз ушинтсек, дүйнөнүн баары таң калгандан эси ооп калат деп ойлошсо керек. Бир нече түйдөк чач эрге тийбей койгондон бир нерсе өзгөрүп кетмек беле. Андай немелер эрден, элден айланышсын. Туубаса тумуран калышсын! Ошончо эле эрге тийгилери келбесе, тийиштүү жерлерин бекем тиктирип салышса деле, эч кимге ысык-суугу жок. Картылдата тырманып, же өзүндөйлөргө сүйкөнүп жүрө беришсин. Алар өздөрүнүн жекече иштери. Бирок, мына ошол өздөрүнүн жекече маселелерин (дарттарын десе да болот) да саясатташтырып, башка кыз-келиндерди да өздөрүндөй болууга чакырып жатышкандыгы менен таптакыр келишүүгө болбойт. Ал элге, улутка карата жасалган ачыктан ачык диверсия!

Азиядагылардын, анын ичинде Борбордук Азиядагы элдердин динамикалуу көбөйүп жаткандыгы Батыштагы демографиялык жактан сенектик абалга кептелип калган өлкөлөрдүн стратегдерин тынчыздандырып, уйкуларын да бузуп жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Эгерде демографиялык кырдаал өзгөрбөсө, 50-60 жылдан кийин Европадагы мамлекеттердин көпчүлүгү азиаттардын өлкөлөрүнө айланат. АКШда да Азия менен Африкадан чыккандар басымдуулук кыла башташы толук мүмкүн. Алар өздөрүндөгү демографиялык абалды оңдоого канча аракет кылышса да, сезилерлик натыйжага жете албай жатышат. Анын обьективдүү себептери бар. Л.Гумилёвдун пассионардык теориясы боюнча, этностор жарыкчылыктагы миссиясын өтөп бүтүшкөндөн кийин адегенде тукумдап, көбөйүү инстинктинен ажырап, анан өзүнөн өзү азайып барып, башкаларга аралашып жок болуп кетишет же реликтик топко гана айланып калышат. Батыштагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү андай фазаларына тегиз кирип баратышат. Бирок, аны түшүнгөн менен ага көнгүлөрү келбей жаткандыгы да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эч бир элдин кылымдардан бери жыйнаган байлыгын, маданиятын, позициясын башкаларга ыктыяры менен бергиси келбейт. Ошондуктан алар акчаларынын бир бөлүгүн динамикалуу өнүккөн этносторду ичтен болүп жарып, демографиялык абалдарын начарлатууга жумшашууда. Биздин климакстык курактагы оолуккан айымдар, алардын өздөрүнө окшогон шакирттери андай максаттарды көздөгөндөрдүн чоң акчага иштеген наемниктерине айланышууда.

“Оригиналдуу айымдардын” жаз алдында буту күйгөн тооктордой ашкере күйпөлөктөнгөндөрүнүн экинчи себеби, парламентте “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “”Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланып жатат. Эгерде ага демилгеленгендей, өзгөртүүлөр киргизилсе, чет жактардан каржылангандардын саясый иштерге аралашуусуна тыюу салынат. Же чет элдик атайын кызматтардын НПОлор аркылуу биздин ички маселелерге кийлигишүүсү кескин азаят. Андай мыйзам АКШда 1938-жылдан бери эле бар. Алардын ашкере күйпөлөктөнүп жатышкандарынын экинчи себеби ушунда. Ополоң-тополоңдор көбөйүп, өлкөдө саясый туруксуздук жаралса, жогоруда аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизгенди эстен чыгарышат деген эле максат. Алардын андай иштери чет элдик айрым уюмдар, фондулар тарабынан керегинче каржыланууда.

Мына ушул өңүттөрдөн алганда, гейчилердин, ЛГБТчылардын негизги максаттары таптакыр башкада! Андай элди ичинен бузуп жарганга аракет кылып жатышкандар менен эч качан келишүүгө болбойт!

Мирлан Дүйшөнбаев, NazarNews.kg

Последние новости