www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан мечиттин жанынан мурда издөөдө жүргөн Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну 1991-жылы туулган О. О. аттуу шектүү кармалды. Милиция тарабынан шектүүнүн фото-роботу түзүлүп, бир айдан бери издөөгө алып, шаардагы бардык мечиттерге милиция кызматкерлерин бөлүп койгон эле. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ош ШИИБинен билдиришти.

Аталган жаранга карата шаар аймагындагы мечиттерде даарат алуу үчүн кийимдерин чечип, кирип кеткен учурда буюмдарын, акчаларын жана баалуу буюмдарын уурдаткан 9 киши арыз жазган. Ал буга чейин Ош, Жалал-Абад  облусттарында уурулук жасап жүргөн.

Шектүү ата-энеси жана үй-бүлөсү жоктугун милицияга айтып, тескөөчүлөргө билдирген көрсөтмөсүндө: «Мен эртеби, кечпи кармалаарымды билип жүргөмүн. Тилекке каршы, кылмыш менен жан багууга үйрөнүп калыптырмын. Курулушта 2 ай иштеп чыдай албадым. Оор жумуш иштөө мен үчүн эмес экен. Камалсам деле мейли, мен абак жашоосуна көнүп калганмын»,-деп көрсөтмө берген.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Ош шаардык соту 2 айга камакта кармоо боюнча санкция берди.
Ош ШИИБи аталган жарандан жабыркагандар  болсо төмөндөгү номерлерге кайрылууну сурайт:

0776-22-06-60 же 102 кызматы.

На изображении может находиться: 1 человек, селфи и часть тела крупным планом

Булак: NazarNews.kg

Последние новости