www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков эмес Асылбек Жээнбеков президент болмок. Бул тууралуу мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди.

Анын айтымында, иниси агасыны көрө албай, ичи тарлык кылган.

«Негизи башында Асылбек Жээнбеков президент болом деп айтып чыккан. Бирок, партиянын ичинен көпчүлүк Сооронбай Жээнбековду сунуштап, ал президент болуп калган. Ошондон баштапАсылбек Жээнбековдо көрөалбастык пайда болду.

Ошондон кийин Асылбек Жээнбеков агасына карата каршы иштери башталган»,- деди ал.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп дайындалган. Бирок мөөнөтү аяктабай туруп, тактап айтканда, 2020-жылдын 15-октябрында кызматтын тапшырган. Анын президенттик тактан түшүшүнө өлкөдөгү праламенттик шайлоонуну жыйынтыктары себеп болгон.

Ал бийликти кан төгүүсүз өткөрүп берем деген жүйөө менен экс-президент макамын сактап калды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости