www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда экс-президенттин Instagram баракчасында жарыяланды.

«Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында 2020-жылдын декабрь айынын башында катталды.
Фонддун негизги максаты - коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо.

Жогоруда белгиленген максаттарды турмушка ашыруу үчүн фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштерди жүргүзүүгө багытталат», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп дайындалган. Бирок мөөнөтү аяктабай туруп, тактап айтканда, 2020-жылдын 15-октябрында кызматтын тапшырган. Анын президенттик тактан түшүшүнө өлкөдөгү праламенттик шайлоонуну жыйынтыктары себеп болгон.

Ал бийликти кан төгүүсүз өткөрүп берем деген жүйөө менен экс-президент макамын сактап калды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости