www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев менен баарлашып, “Республика” партиясынын айланасындагы маселелер тууралуу ой бөлүштүк.
--Мирлан мырза, неге депутаттар "Республика" партиясынан чыга баштады?
--2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин кээ бир депутаттар саясий конъюктурага жараша өздөрүн Республикада көрбөй калышкан. Маселе 2 жыл мурун эле чечилген.
--Бабанов жок партия күчүн жоготтубу?
--Негиздөөчүнүн четтегендиги партия үчүн жоготуу, бирок алсыраткан жок. Ал баштаган иштерди, программаны иштөө принциптерин аягына чыгарабыз деп иштеп жатабыз. Партиянын стабилдүү командасы жана электораты бар. Акыркы чет элдик институттардын сурамжылоолоруна ылайык "Республика" партиясы алдыңкы позицияда жана боло турган шайлоолордо фавориттердин бири экендиги аныкталган. Бабанов саясаттан тыныгуу алса дагы, кыргыздын жараны катары шайлоодо добушун “Республикага” берет.
--“Республика” партиясы шайлоого барабы?
--“Республика” партиясы шайлоого барат. Азыр партияны шайлоого даярдоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат. Саясий кеңештин жана төраганын макулдугу менен республикалык штаб дайындалды, анын жетекчилигине Руслан Казакбаев шайланды. Облустук координаторлор да дайындалды. Жер жерлерде иш жанданып, кызый баштады.
--Шайлоону утурлай биригүүлөр күч алаары бышык. Биригүү эптеп мандатка ээ болуунун жолу эмеспи?
--Биригүү деген бул-ынтымак. Бириккенде өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары четке кагылып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө койгон принциптер иштейт. Ошол үчүн программалардын, принциптердин биригүүсүн дайым кубатташ керек.
--Баса, “Республика” партиясын президенттин кудасы Алиярбек Абжалиев башкарат, Руслан Казакбаев менен Мирлан Жээнчороев маселе деле чече албайт”, деген сөздөр айтылып жатат. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
--“Республика” партиясын көмүскө эч ким башкарбайт. Бизде баары ачык-айкын. Ага-буга байланыштырган сөздүн баары чагымчыл маалыматтар. “Республика” партиясы кимдир бирөөнүн этегин кармабай эле шайлоого камынып, саясий кеңеш менен бирдикте команданы чыңдап жатабыз.
Булак: NazarNews.kg