www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын Голливуддагы Даңк аллеясындагы жылдызын кара түскө боеп кетишти. TMZ маалымдагандай, мемориалдык белгинин үстүнө Трамптын аты-жөнү түшүрүлгөн эстеликке кара түстө боёп салышкан.

Басылманын маалыматына ылайык, өткөн жекшембиде белгисиз адамдар жылдызды толугу менен кара түстө боёп кетишкен. Аталган басылма бул иш-аракет афро-америкалык Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштырган. TMZ билдиргендей, кара боек жылдыздын жанында көк түстө "BLM" деп жазылган. "BLM" жазуусу Black Lives Matter - "Кара түстөрдүн жашоосу да маанилүү" деп жазылган. Мамлекет башчысынын бул жылдызы анын ишине нааразы болгондор тарабынан бир нече жолу жаракат алган. 2016-жылдын октябрь айында Жеймс Отис жылдызды балка менен талкалап салган.

Андан кийин, жылдыз оңдолуп, ошол эле жылдын июль айында Остин Клайд аттуу адам аны устара менен чаап, сындырып салган. 2018-жылдын декабрь айында "Трамп жылдызы" дагы бир жолу мазакталган. Ошентип учурда АКШда Д.Трамптын айласы алты кетип жаткан учуру.

Сарвар уулу Анвар, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости