www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевди кепке тартып, шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылган мыйзам долбоору боюнча баарлаштык.

--Мирлан мырза, неге парламентке өтүүнүн босого чегин тогуздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир млн. сомго азайтуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинен колдоо таппай калды?

--Катуу талаш-тартыш болду. Беш пайыз жалпы партиялык курулушка жол ачат. Ошондо парламентке жети-сегиз партия келишине мүмкүнчүлүк болот. “Добуш берүү калыс өтүшүн шарттайт” деген максат менен 5 депутат бирдикте  жазганбыз. Мына ушул мыйзамды жазган депутаттар шайлоо босогосунун чеги 7-3 пайыз эмес, 5 пайыз болсо туура болот деген ойдо болгонбуз. Комитеттен өтпөй калды. Бирок, баары бир жалпы жыйынга алып чыгабыз. 

--Бул мыйзамдын артыкчылыгы эмне?

--Бул мыйзам бийликти монополизациялоого бөгөт коюп, саясий атаандашууну көчөдөн парламентик аянтчага жылышына шарт түзөт. 

--БШКнын төрайымынын пикири орундуу эле болдубу же ал калпыстыкка жол берип алдыбы?

--БШКнын төрайымы өз көз карашын добуш берилерде айтканы туура эмес болуп калды. Эгерде андай оюу бар экен сентябрь, октябрь айларында болгон түрдүү тегерек үстөлдөрдөн айтып бышыктаса болмок. Орчундуу маселени комитеттеги жыйында  айтып салганы күмөн санатып койду. 

Булак, NazarNews.org

Последние новости