www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-июнда парламенттик жыйында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Гулшат Асылбаева менен КСДП фракциясынын депутаты Айнура Осмонова сунуштаган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам долбоорун Атамбаев айткандай, "чимкирик парламенттин" көпчүлүк чимкириктери колдоп, мектеп окуучуларындай колдорун кнопкадан алышкан жок.

Бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырык таштагандардын бири "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев, "Бүгүн коомго бул мыйзамдын кереги жок. Келе жаткан шайлоодо 30 жылдан бери кошомат кылгандарды иллюстрация кылууга мүмкүнчүлүк келет. Жогоруда кээ бир кошоматчылык кылып, кошоматчылык менен көмүрлөрдү, кендерди жыйнагандарды иллюстрация кылмайынча эч качан демократия орнобойт. Бүгүн элде тарыхый мүмкүнчулүк бар.

Келе жаткан шайлоодо кошоматчылардан арылгыла. Ошондо гана эркин, адидеттүү мамлекетти түзсө болот",- деди.

Булак: Ачык саясат

Последние новости