www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз оппозициясы 2014 – жылдын апрелинде акыркы ирет онтоп алып чээнине кирген. 2016-жылдын жазында Атамбаевдик бийликке каршы талпынып Талгарбеков чыгат. Ушул жылдын апрель айында түзүлгөн “Элдик парламент” зилзала болуп жер силкинген сыяктуу, көз ачып жумгуча эл алдында кадыр таап, ал мезгилде сагынып калган оппозициянын тирүү экенин билгизип, Атамбаевге сөөмөй кезеп турду. Жүрөгү оозуна тыгылып, чоочуп кеткен Алмазбек Атамбаев  “Элдик парламенттин” артында чет элдик атайын кызматтардын генералдары турат деп жеңил ушагын таратып, Бекболот Талгарбековго кара пиарын айдай баштайт. Кайсы өлкөнүн атайын кызматтарынын генералдары турганы тууралуу эч маалымат болгон эмес. Анткени, бул жерде чындык жок болгон. Атамбаевдик бийликке каршы чыккан “Элдик парламент” элдин үмүтүн жандандырып, кырдаалды Атамбаев менен Темир Сариев ойлогондой жагдайга бурбай, тескери бура баштаган.

Коомчулук Бекболот Талгарбековдун Атамбаевдик бийликке бетме-бет чыкканына колдоо көрсөтүп, Акаевдин заманында бийлик чөгөлөтүүгө Аксы окуясы кандай таасир этсе, Атамбаевдин заманында анын жүрөгүнүн үшүн алган “Элдик парламент” болду. Ошол мезгилдеги өкмөт башчысы Темир Сариев, Ички Иштер министри Мелис Турганбаев Атамбаевдин отставкасын талап кылган “Элдик парламенттин” артынан шимшилей баштайт. Алардын шимшилегенин тоготпой Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик бийликке каршы ачык согуш ачып, май айында Атамбаевге каршы күчтөр менен жалпы элдик форум өткөзүп, 2016-жылдын 17-майында митинг болорун жарыялайт. Шиши толгон Атамбаевдик бийлик  түнү уктабай, ойгоо турса Талгарбеков оюнан чыкпай, “Элдик парламенттин”  тагдырын камак менен чечмей болот.  Форумдун лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановду артынан куугунтуктаган Турганбаевчи жалаакорлор жалаа жаап камакка алышат. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев “Элдик парламенттин” лидерлери болсо,  Марат Султанов “Элдик парламенттин”  кагазын юридикалык жактан бүтүргөндүгү үчүн айыпка жыгылып, бийликти зордук - зомбулук менен басып алгысы келгендиги үчүн камалышат. Элди эмнеге кармаганын шекшибеш үчүн  соцтармактардан жасалма сүйлөшкөндөрдүн аудиотасмаларды тарата баштайт. Эл тарабы  аудиотасмалардагы “Элдик парламент” өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн даңазалап жазса, Атамбаевдик бийлик тарабы чийки май жегенсип, аудиотасмалардан мүчүлүштүктөрдү шимшилеп издешип, “Элдик парламенттин”  тамырын тезинен кыркып жок кылууну көздөшкөн. “Закон подлости” же бумеранг деп койот, учурда ар кимдин артынан жалаа жаап каматып койчу Атамбаев өзү камалганы менен, ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев темир канатын “Ата-Мекенде” жайып, ал эми Ички иштер министри Мелис Турганбаев “түрмөлөргө кожоюн” болуп жүрөт.

Атамбаев кеткени, акыйкаттык калыбына келип Бекболот Талгарбеков “Элдик парламенттин” лидерлери баштаган топ өз баасын алып, камактан бошотулган. Бекболот Талгарбеков Эсенкул Алиевдин Кыргызстан агрардык партиясы менен бирге парламенттик шайлоого аттанат деген сөз бар. Бул шайлоодо биригип оокат кылбаса майнап чыкпай калышы мүмкүн, ошондуктан Кыргызстан агрардык партиясы кайсы партиялар менен биригерин турмуш көрсөтөр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости