www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунааны айдап качып бара жаткан жигиттер бакты сүзүп, бирөө көз жумду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июнунда болжол менен саат 03:30 чамаларында Каракол ШИИБдин кезмет кызматына Каракол-Каракол-Пристань автожолунун 1 800-чакырымында жол кырсыгы болгондугу жөнүндө кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, алгачкы жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, ушул эле күнү болжол менен саат 02:30 чамаларында Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну И.Ф. өзүнүн таанышы 18-жаштагы Ш.М. менен бирдикте, Каракол шаарында орун алган ЖАМК №23 имаратынын астында токтоп турган “Ауди А6” үлгүсүндөгү автоунааны өз алдынча айдап качышкан. Айдап качкандан кийин Каракол-Пристань шаарчасын көздөй бара жатып, автоунааны башкарып бара жаткан И.Ф. башкарууга ээ боло албай, жолдон чыгып кетип, жээктеги бакты сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыктан улам, автоунааны башкарып бара жаткан И.Ф. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми жанында бара жаткан Ш.М. алган жаракаттары менен Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. 

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, уурдалган автоунаанын ээси табылып, ал Жети-Өгүз районунун Аӊ-Өстөн айылынын 31 жаштагы тургуну Т.Т. болуп чыкты. Жабырлануучу адамдан арыз алынып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости