www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК депутаты, Мирлан Жээнчороев: "Бабанов кааласа келет, кааласа өлкөдөн чыгып кетет", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.
--Мирлан мырза, Өмүрбек Бабановдун Москвага болгон табышмактуу сапары боюнча айтсаңыз?
Биринчиден, Өмүрбек Бабанов мен сыяктуу, сиз сыяктуу Кыргызстандын жараны. Каалаган убагында келет, каалаган убагында чет өлкөгө чыгып кетет. Экинчиден, Өмүрбек Токтогуловичти эл саясатчы 2 эмес, бизнесмен деп билет. Ансыз да акыркы эки жылда саясаттан алыстап, бизнес иштери менен алек болуп жүрөт. Дегеним, ал Москвага өзүнүн иштери менен барып келди. Саясатташтыруунун кереги жок.
--Тергөө амалдары жүрүп жатканда тышка чыгууга тыюу салынат дешет?
--Өмүрбек Токтогулович күбө катары гана сурак берип жатат. Чакырган убагында барып, берилген суроолорго жооп берип жатат. Калганы тергөөнүн купуясы болуп саналат.
--Саясий чөйрөдө, "Бабанов "Азия Молл" соода борборун берип, бийлик менен соодалашыптыр" деген күбүр-шыбыр кептер айтыла баштады?
--Мунун баары ушак, чындыкка дал келбейт. Комментарий да бербейм. Бийлик рейдерлик басып алууга жол бербейт деп ишенем, деген Мирлан Жээнчороев "Ачык саясат" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg