www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Азыр Афганистандагы элчиликте 20 чакты кыргыз жараны калды",- дейт Кыргыстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов.
Буга чейин Кабулдагы элчилик, дипломатиялык өкүлчүлүктөр эвакуацияланат деди эле. Кыргыз элчилиги эмне болду?
--"Биз азыр кырдаалга жараша чара көрөлү деп жатабыз. Азыр элчиликте жыйырма чакты кыргыз жараны калды. Алардын баары 21-августка чейин Кабулду таштап кетишет, колдорунда билеттери бар. Элчилик кызматкери эвакуацияланса кандай болот деп буга чейин казактар менен сүйлөшкөнбүз. Аларга чартердик рейс келгени жатат. Абал ошондой эле коркунучтуу болуп баратса, биздин дипломаттарды казактар менен чогуу кетиребиз. Орустар да жардам көрсөтөлү деп атышат. Өзбектер деле жардамга даяр. Азыр элчилик аралык биримдик күчтүү болуп атат.
Бүгүнкү күнгө чейин он чакты кыргызстандыкты кетиргенбиз.
Элчиликтин мүлкүн, материалдык буюмдарын дагы орду-орду менен жайгаштырып атабыз", - дейт элчи.
Эске сала кетсек, Мирослав Ниязов 2019-жылдан бери Кыргыстандын Афганистандагы элчиси болуп келет.
Кошумчалай кетсек, учурда "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алды. Өлкө президенти Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кетти. Талибдер Ооганстанда "Ислам эмиратын" түзүп алышкан.
Булак: NazarNews.kg