www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кабулдагы кыргыз элчиси Мирослав Ниязов ооган кыргыздары коңшу өлкөгө жер которгону тууралуу маалымат тактала турганын билдирди.

--"Кандайдыр бир кокустук менен болуп калышы мүмкүн. Талибдер кыргыздар менен да, ооган бийлиги менен да жакшы жашайт. Бул так маалымат. Талибдер да кыргыздар жашаган жерге, Улуу Памирге, Кичи Памирге чыкпайт. Талибдер да, бийлик да кыргыздарга эч качан кол көтөргөн жок. Негизи кыргыздарга эки тараптан тең мамиле жакшы”, - деп билдирген Ниязов.

“Талибан” кыймылы АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынан тарта Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери чабуулдарын күчөттү. Буга чейин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураганы белгилүү болгон. Учурда америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ооган армиясы талибдердин чабуулдарына туруштук бере алабы деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости