www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёев камактагы 258 адамга ырайым берди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Рамазан айынын аяктагандыгына байланыштуу «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн президентинин маалымат кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 258 кишиге ырайым берилет. Алардын ичинен 16 жаран негизги жазадан толугу менен бошотулса, 101и мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыгат. Мындан тышкары 24 адамдын жазасы жеңилдетилип, 117 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыска илингендердин арасында 60 жаштан ашкан жети эркек жана бир аял, чет өлкөлүк жети жаран жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн соттолгон 164 адам бар.

Булак: NazarNews.org

Последние новости