www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Исаев: “Өкмөттүн токтомунун негизинде Бишкек шаардык Эркин экономикалык аймагынын республикалык бюджетке чегерүүсүнүн көлөмү 2%дан 0,02%га төмөндөгөн. Республикалык бюджеттеги тартыштыкты эске алуу менен ички резервди натыйжалуу башкаруу зарыл”, – деди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле чегерүүнүн көлөмү азайгычакты Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагы 6 млн сомдун тегерегинде төлөсө, азыр 60 миң сом гана которуп жатканын айткан эл өкүлү: “Дордой” базарындагы ишкерлер бир контейнер үчүн айына 10 миң сом, жалпылап айтканда бир жылга 120 миң сом төлөйт. Ал эми Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагы ири аянтты ээлегенине карабай 60 миң сом гана чегерет. Бул туура эмес”, – деп кошумчалады.  

Булак: NazarNews.org

Последние новости