www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эч качан эгемен Кыргызстандын тарыхында инвесторлор өкмөт менен соттошкон учур болгон эмес. Мындай нерсе бийликке төңкөрүш жолу менен келген жаңы жетекчиликтин тушунда орун алды. Эми болсо алар эл аралык сотторго берилген доо арыздарга көмүлүп жатып калышты.

Доо талаптардын жалпы суммасы 1 миллиард АКШ долларынан ашып кетти, бир нече соттук иштер утулуу менен аяктаган. Бизнесмен Белоконьго 16 миллион АКШ долларын, «Ак-Кеме» мейманканасы боюнча түрк жарандарына 11 миллион АКШ долларын, «Кутесай майнинг» боюнча 119 миллион АКШ долларын, ВДНХда («Бишкек» Эркин Экономикалык зонасы) имараттар комплексин арендага алышкан түштүк кореялык компанияга - 29 миллион АКШ долларын уттуруп жиберишти.

Өкмөт инвесторлор менен тил табыша албай, алар менен соттошуп, а эң башкысы, - ал соттук иштердин дзэрлик баарын тең уттуруп жатканы маскарачылык иш болуп эсептелет. Ал чыгымдардын баарын тең бюджеттин эсебинен төлөөгө туура келери түшүнүктүү, ал карыздардын түйшүгү акыры айланып келип эле карапайым элдин мойнуна түшкөн жүк болуп калат. Анткени карызды жалпы өлкө төлөйт да. Эртеби, же кечпи эл баары бир жүйөөлүү суроону берет: «Эмне үчүн Атамбаевдин өзүнүн жана анын командасынын жаңылыштыктары үчүн ансыз деле жакырдыкка батып калышкан жөнөкөй жарандар төлөп бериши керек? Мындай эбегейсиз чон чыгымдарды мамлекеттин эсебинен эмес, ошол күнөөлүүлөр өздөрү төлөшү керек.

Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда элдин алдында “эгерде ал бюджеттен жок эле дегенде бир тыйынды уурдаганга барса, анда аны Кудай өзү жазаласын” деп көп ирет карганып ант берген.

Учурдагы бийлик камоо жолу эмес, “Тимур жана анын командасын” кармоо жолу менен карыздарды моюнуна коюп, жогорудагы чоң суммаларды төлөтүп салышы керекпи? – деген суроо жаралат. Эми алардын катарын “Жер үй” алтын кени ээлеп калышы мүмкүн. Алсак, кенди иштетүү укугун алууга жана конкурстагы төлөмдүн өлчөмү 100 млн. АКШ доллары 2015-жылы төлөнгөн.

Эл аралык соттогу КР Өкмөтү жана мурдагы инвестордун ортосундагы талаш боюнча доо арызды жөнгө салууга 589 млн АКШ доллары,  (эл аралык сот өндүрүшү №ICSID No. ARB/AF/13/1) тактап айтканда 2019-жылдын 30-ноябрындагы абалды эсептегенде Талас алтын комбинатын ишке берүүгө чейинки жана башка керектүү инфраструктуралардын 2015-жылдан 2020-жылдын 1-кварталындагы аралыктагы инвестициясы 273 млн АКШ доллары өлчөмүндө төлөнгөн.

Белгилеп кетүүчү жагдай, ишке киргенге чейинки инвестицияны орусиялык ВТБ банкынан алынган 180 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү насыядан жана 93 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү акционердик каржылоодон жабылган. Жыйынтыгында, 961 млн доллар, анын ичинен 373 млн доллар долбоорду ишке киргизүүгө жана 589 млн доллар Кыргыз Республикасына болгон доону алууга керектелген.

Ошентип акыркы жылдары Кыргызстанда инвесторлордун келишинин азайышы, туура жана кылдат мамиле кылбагандыктан терс таасирин тийгизүүдө. Ага себеп, ар кандай майда барат “ызы-чуулар” жана мыйзамдын так иштебеши. Ызы-чуу салып олтуруп карыздардын төлөө катарын «Жер үй” алтын кени албаса болду. Анткени кызыл иңирде эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында 2015-жылы кенди иштетүү укугун алууга жана сынактагы төлөмдүн өлчөмүнө 100 млн. АКШ доллары төлөнгөн. Так ошол акчаны учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаевден же “аферист” атыккан Өмүрбек Бабановдон тактоо зарыл, инвесторлордо ошондо күнөө барбы? – деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости