www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2020 - жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралууда. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмиль Токтошев менен финансы министри Бактыгүл Жеенбаева баяндама жасады.

Эмиль Токтошев Бюджет жана финансы боюнча комитет экинчи окууга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлерин бекитүүнү сунуш кыларын билдирди:

- республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 135 346 827,2 миң сом;

- республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 163 039 088,4 миң сом;

- ал эми тартыштык 27 692 261,2 миң сом көлөмүндө.

Андан тышкары комитет төрагасы  ички булактардын эсебинен жалпы 13 млрд. сомдун тегерегинде бюджетти толтуруу боюнча бир катар сунуштарды берди. Анын ичинен алтын кошулмаларын жана концентраттарын республикадан чыгаруудагы салыктык төлөм чендерин көтөрүү, контрабанданы токтотуу боюнча алгылыктуу чараларды көрүү сунуштары айтылды.  

Ал эми финансы министри Бактыгүл Жеенбаева аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кароону өтүндү.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору, коронавирус пандемиясына байланыштуу республика боюнча киргизилген карантин жана өзгөчө абал шартында бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу жана бюджетти түзөтүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан. Анткени чек аралардын жабылышы бажы алымдарынын кыйла төмөндөшүнө алып келди, мындан тышкары, карантин шартында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, курулуш тармагында, коомдук транспорт жана башка багыттарда иш алып барган объектилердин маанилүү бөлүгүнүн жумуштарынын токтошунан улам салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшү болжолдонууда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости