www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстан лидери Эмомали Рахмон 21-майда Эр-Риядда өтө турган АКШ жана мусулман өлкөлөрүнүн саммитине катышат.

Мамлекет башчылары Сауд Арабиясына өлкө падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барышат.

Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мирзиёев Сауд Арабияга болгон сапары маалында бир канча эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тажикстандын президенттик аппаратындагы булак билдиргендей, Эмомали Рахмон жыйында сөз сүйлөшү мүмкүн. Азырынча бул маалымат ырастала элек.

Саммитке Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана Ооганстан президенти Ашраф Гани да чакырылды. Андан сырткары жыйынга самиттин уюштуруучуларынын бири эсептелген АКШ президенти Дональд Трамп дагы барат. Сауд Арабия - Трамп эл аралык турнесинин алкагында бара турган алгачкы өлкө болот.

Булак: "www.centralasian.org"

Последние новости