www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу ӨКМнын Басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Ош шаарында кечээ, 18-май күнү, саат 16:17де катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, шаардагы турак үйлөрдү жана социалдык обьектилерди суу каптаган. Жабыркагандар жок.

А.Новои көчөсү. “ЦУМ” имаратынын ичине суу кирген.

Зайнабединов көчөсү. “Эне-Сай” кафесинин ичине суу кирген.

Ленин көчөсү. Ош шаардык сотунун жана Киров атындагы орто мектебинин короолорун суу каптаган.

Аношин көчөсү. №138 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Мамыров көчөсү. №7 үйдүн короосун суу каптаган.

Карасуу көчөсү. №22 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Кызыл-Аскер көчөсү. №99 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Кыргызская көчөсү. №8 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Г.Айтиев көчөсү. Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин имаратына суу кирген.

Победа көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жер төлөөсүнө жана үйлөрдүн ичине чейин суу кирген.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы, Ош шаардык “Куткаруу кызматынан” 24 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзунчө куткаруу отрядынан 14 куткаруучу, бардыгы болуп 38 куткаруучу.18-май күнү куткаруучулар жогорудагы аталган жерлерге барышып, имараттарга жана короолорго кирген сууларды тазалашып, сордурушкан. Жалпы 38 куткаруучу тартылган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости