Кара-Сууда катуу шамал болгон...
Расмий кабарлар  |   |  678

Бул тууралуу ӨКМнын Басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда кечээ, 18-майда,  саат 16:15тен саат 17:15ке чейин секундасына 25 метрге жеткен шамал болгон. Жабыркагандар жок.

Папан айыл аймагынын  Камырсуу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада, агып келген суулар Арал жана Камырсуу айылдарынын тушундагы дарыянын жээктерин жемирип, 6 турак-жайга 10 метр аралык калып, коркунуч жаралган.

Булак: «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями