Нарында сарайлардын чатырларын шамал учуруп кеткен
Расмий кабарлар  |   |  688

Бул тууралуу ӨКМнын Басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, кечээ саат 17:32 чамаларында ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында катталган. Шамалдын кесепетинен Миң-Куш айылындагы Спорт залдын жана Байчечекей бала-бакчасынын чатыры зыянга учураган.

Ошондой эле Кабак айыл аймагынын Кызыл–Коргон айылындагы айрым короо-сарайлардын чатырларын шамал учуруп кеткен.

Булак: «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями