www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканддагы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин аягында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго түрк тилдүү элдин биримдигине кошкон салымы үчүн Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты ыйгарды. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы жазды.

Аталган сыйлык быйыл Өзбекстан президентинин демилгеси менен негизделгени маалым болду.

"Улуу жазуучу, гуманист, коомдук ишмер, маркум Чыңгыз Айтматов биздин элдин чыныгы досу болду, ал — уникалдуу жазуучу. Бул инсан түрк тилдүү элдин тарыхын жана маданиятын бүт дүйнөгө даңазалады. Өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармалары менен биздин элдин баалуулуктарын, салттарын дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын жүрөгүнө жеткирди", — деди Мирзиёев сыйлык тапшыруу аземинде. Сыйлыкты саммитке катышып жаткан президент Садыр Жапаров алган.

Андан сырткары Өзбекстан лидери Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды жана Түркмөнстандын мурдагы жетекчиси Гурбангулы Бердымухамедовду Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйлаган. Аталган сыйлык 2019-жылдан бери саммиттин катышуучуларына берилип келет. Буга чейин Бакуда өткөн саммитте Азербайжан башчысы Илхом Алиев мындай орденди Казакстандын биринчи ажосу Нурсултан Назарбаевге тапшырган.

Эске салсак, Түрк мамлекеттери уюмунун саммити Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости