www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Россиянын лидери Владимир Путинди "Олий Даражали Дустлик" (Достуктун жогорку даражасы) ордени менен сыйлады, деп билдирет РИА Новости республика башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадовго таянуу менен.
 
Сыйлык "өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор жеке салымы үчүн, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин 70 жылдыгына байланыштуу" тапшырылды.
 
“Олий Даражали Дустлик” ордени 2020-жылы негизделген жана Өзбекстандын чет элдик жарандар үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. Алар мамлекет жана өкмөт башчыларына, башка өлкөлөрдүн парламенттеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, ар кыл чөйрөдөгү көрүнүктүү ишмерлерге ыйгарылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости