www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия ЕАЭБде өнөктөш өлкөлөр менен улуттук валютаны колдонуучу ыкмаларды кеңейтүү жаатында макулдашты, былтыр бул жааттагы үлүш 85 пайызды түздү. Бул тууралуу РФтин премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

"Товар алмашууну мындан ары өстүрүп, кеңейтүү үчүн бирикменин ичинде көз каранды болбогон, финансылык эркин системаны өнүктүрөбүз. Улуттук валюталарды колдонуучу ыкмаларды кеңейтүү жаатында макулдаштык. Өткөн жылы товар түрүндө эле алганда анын үлүшү 85 пайызды түздү. Бул түрдөгү эсеп-кысап жүргүзүү иштерин өстүрүүнү ойлонуштуруп жатабыз", — деди Мишустин Мамдумага өкмөттүн 2022-жылдагы отчётун берип жатып.

Январь айынын соңунда Россиянын президенти Владимир Путин министрлер кабинетине 2023-жылы КМШ, Азия, Африка, Латын Америкасынын өлкөлөрү менен улуттук валютада жүргүзүлгөн соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүгө тапшырма берген.

Последние новости