www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл мусулмандар туткан орозонун организмге тийгизген таасири тууралуу бир канча илимий изилдөөлөр жүргөн. Бул тууралуу "Нур-Бол" дарыгерлер ассоциациясынын төрагасы Нурбек Рыскулов билдирди.

"Илимпоздор орозонун организмге тийгизген таасири тууралуу бир канча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Алар айтышат киши качан тамак жеген кезде зат алмашуу тездеп, орозо кармаган учурда зат алмашуу басаңдайт. Эгер бир канча күн орозо кармасаң организмдеги зат алмашуу төмөнкү чекке түшөт. 
Орозо кармаган эркектерди жана аялдарды текшеришкенде, жыйынтыгында алардын салмагы бир аз гана азайган. Канда канттын деңгээли бир аз гана көтөрүлгөн. Башка анализдер өзгөрбөгөн экен. Орозо кармаганда алардын организминде коркунучтуу өзгөрүүнү байкаган эмес, тескерисинче бир топ пайдалуу өзгөрүүлөрдү байкашкан.

Иранда бир изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөгө катышкандар 17 сааттан 30 күн орозо кармаган. Орозодо майлардын жана углеводдордун ээриши байкалган. Алар, орозо өмүрдү узартат дешкен. Орозо учурунда эненин сүтүнүн курамы дагы өзгөргөн эмес. Орозо кээ бир оорулардын сакайышына жардам берет. Мисалы артрит ооруларында. Эгерде киши аракка же тамекиге көз каранды болсо, орозо андан кутулууга жардам берет. Кээ бир адамдар азыктардын айрым бир түрлөрүн ашыкча колдонот. Мисалы кофе. Орозо учурунда туура тамактанууга өтүп алса болот. Рецепторлорлу тарбиялап алса болот. Эгер сиз биз жогорудагы белгиленген нерселерден баш тартсаңыз, анда өмүр бою ал нерседен баш тарта аласыз. Кээ бир ооруларда, мисалы инсулинге көз каранды кант диабети менен ооруган адамдар орозо кармаганы болбойт. Эгерде алардын дарыгери уруксат берсе ал башка маселе. Эгерде инсулинге көз каранды эмес кант диабети болсо, ал учурда орозо жардам бериши мүмкүн. Орозо жүрөк кан тамыр ооруларына, астма, артритке, ичеги карын оорулары, волчанка, тери ооруларына жакшы жардам берет.

Орозо жөнүндө мусулмандар да мусулман эместер да изилдешкен. Көбүнчө мусулман эместер изилдешет. 
Мисалы Алан Гот «орозо бул жашоо образы» деген китептин автору мусулман эмес. Ал өзүнүн китебинде орозодо ичеги карын жана нерв системалары эс алат деп жазган.

Индиялык дарыгер дагы изилдөө жүргүзгөн. Анын аты Ишан Теран Двани. Ал организмдеги токсиндер тазаланат деп жазган.

Сулейман деген мусулман дарыгердин изилдөөсүн мисал келтирейин. Ал Оман өлкөсүнөн. Ал дагы салмактын азыраак гана азайганын байкаган.
Африкада жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө айтып берейин. Ал жер тамак жетишпеген жер. Бир топ адамдарга тамак берип, экинчи топко берген эмес. Жакшы тамак жебегендерде малярия жана туберкулез жугузуп алууга азыраак мүмкүнчүлүк болгон.

Изилдегендер орозо өмүрдүн узарышына алып келерин айтышкан.

Гарвард университетинде иштеген Осама Карвил деген мусулман адам, онкологиялык оорулу адамдарга байкоо жүргүзгөн. Ал клеткалардын иштөөсүнө байкоо жүргүзгөн. Өзгөчө зыян клеткаларды өлтүрүүчү (киллер лимфоциттерди) клеткаларын байкаган. Ал орозонун 21 күнү жана 28 күнү аталган клеткаларды эсептеген. Өлтүрүүчү клеткалардын саны көбөйгөнүн байкаган. Рак клеткаларын өлтүрүүчү клетка (Т лимфоциты "киллер"). Бул нерсе иммундук система дагы көтөрүлөт экендигинин белгиси. 

Доктор Жефри Европалык изилдөөчү айтат. Орозо кармоо жаныбарлар жана өсүмдүктөр арасында дагы байкалат. Мисалы чиесине кирген аюларды же бакаларды мисал келтирип айтат. Ал өзүнүн китебинде дарактарды да мисал келтирет. Дарактар кышта сууну колдонбойт. Ал ар бир адам жылына бир жолу, жок дегенде кырк күн орозо кармашы керек дейт.

Пайгамбарыбыз ашказандын үчтөн бир бөлүгүн тамак, бир бөлүгүн суу, бир бөлүгүн аба болсун деп айткан. Үчүнчү бөлүгү дем алуу оңой болушу үчүн", - деди Нурбек Рыскулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости