www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мисирейген министр Исакунова

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин Кудайберген Базарбаев башкарган кезде алгылыктуу иштер жүргөнүн жалгыз гана жамааты эмес, бүткүл эл билет. Чет өлкөлүк жарандарга  кароосуз калган балдарды саткан жагынан таанылган министрликтин ишин жөнгөрүп, алкоого арзый турган нерселерди жасап кетти.

Албетте, партиялык система же коалициялык башкаруу деген балекеттер жок болгондо Кудайберегн мырза азыр деле башкара бермек, себеби, ишин кынтыксыз аткарып келген эле. Андан кийин Таалайкүл Исакунова деген айым келип, бүгүнкү  күндө жетектеп отурат. Тилекке каршы, эмне кылып жатканынан кабарыбыз жок. Жамаатынан кабак-ашы ачылбаган, мисирейген министр экенин эшиттик. Мүмкүн жактырбаган кишилерине карата ошондой мамиле күтүп, аларга терс маанайды жараткандыр. Айтор, алгылыктуу иш байкалбай турат, ушундай тымпыйган кезде чоң балакеттер катталып, былыктар чубалчу эле. Таалайкүл эски өнөкөттү күчөтпөгөй эле…

Булак: "Де-Факто"

Последние новости