www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошондой эле экс-депутат  келечекте боло турган президенттер кандай болушу керектигин айтты:

“Мен келечекте президенттикке бара тургандардан суранат элем, биз бүгүн  болбогон бир кичинекей пиарлар менен эмес, мамлекеттин келечеги, эл үчүн иштегиле деп.

Эгер алар тактыга келе турган болсо, анда сот реформасы кандай болот: алар кимдер? Жергиликтүү бийлик кандай болот? Президенттин ролу мамлекетте кандай болот? Административдик реформалар кандай болот? Экономикалык кризистен кантип чыгабыз? Бүгүнкү күндө фундаменталдуу баалуулуктарга көз караштары кандай? Сөз эркиндиги кандай болот? Тынч чогулуш эркиндиктери кандай болот? Биз мына ушундай суроолор менен келечектеги президент болом дегендерге кайрылып, жооп укканга аракет кылып, керек болсо талап кылышыбыз керек!

Келечекте президент болом дегендер “Саясий оппонеттерин түрмөгө отургузбайбыз! Саясий оппонеттерин ММКлар аркылуу жамандабайбыз! Биз сөз эркиндигин карманабыз жана сактайбыз!” деген убадаларын алдын ала бериши керек!  Убадаларын алдын ала алсак, келечекте жакшы жыйынтык болот деп ойлойм.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости