www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан сулуусу - 2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу - 2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова коронавирус инфекциясы менен күрөшүү тобуна ыктыярчы катары кошулганын социалдык тармактагы баракчасына билдирип, каалоочуларды чакырды.

Анын айтымында, модель "Бирге" ыктыярчылар ассоциациясынын катарына кошулуп, түзүлгөн топ 2-июлдан тартып иштей баштады. Ал ыктыярчылар менен биргеликте пандемия шартында ооруканаларда, стационарларда иштеп жаткан медкызматкерлерге керектүү каражат, тамак-аш жана башка ар тараптуу жардам көрсөтүп жатат.

"Биз дарыгерлерге жардам беребиз, Covid-19 илдетине кабылган адамдар менен түз байланышта болобуз. Биздин топто 170 адам болсо анын ичинен 30у жакшы иштеп жатат. Чын дилден жардам бере алам деген жарандарды катарыбызга кошулууга чакырабыз", - дп билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Бегимай Карыбекова италиялык “Emporio Armani” компаниясынын модели, ошондой эле Германиядагы ири “Louisa Models” моделдик агенттиги менен иштешип баштаганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости