www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты Искендер Матраимов КР Өкмөтүнө өлкөдөгү абал боюнча сунушун билдирди.

"Кадырлуу калайык!

Бүгүн, өмүргө өтө маанилүү болгон чечимдерди кабыл алуу мезгили келди. Кесепеттүү илдеттин натыйжасында элибиз оор абалга туш болду. Аптекаларда дары-дармек танкыстыгы жаралганы аз келгенсип, баалары асмандап өсүп, карапайым элдин капчыгына күч келип турат. Дарыга акчасы жетпей, карайлап жүргөнү канча?

Бүгүн, өзгөчө кырдаал абалы. Мындай мезгилде өкмөт чечим кабыл алып, жеке фармацевтик компаниялардын, учурдагы пандемияга зарыл болгон дары-дармектерин мамлекетке алынышы керек деп эсептейм. Жеке фармацевтик компаниялар зыянга учурабаш үчүн, алып келген баасына пайда көрө тургандай үстөгү менен төлөп берип, кампалардагы запастарды алып, 7 облуска бөлүп, министрлик көзөмөлдөп пайдаланбаса болбойт! Антпесе дарылар эбегейсиз кымбаттап кетти.

Мындан тышкары, өтө зарыл болбогон жогорку мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык чыгымдарын кыскартып, аларды саламаттык сактоого багыттоо зарыл. Мына ушундай жол менен элибиздин саламаттыгын, амандыгын сактап калышыбыз керек.

Мен, эл өкүлү катары Өкмөткө ушул сунуштарды берем. Ыкчам карап чыгып, тез арада чара көрүү зарылчылыгы бар экенин өзгөчө белгилейм.

Бүгүн, башка кызыкчылыктарды токтотуп, мамлекетибиз үчүн күйүп, элди сактап калуу үчүн жүгүрө турган мезгил. Коркунучтуу илдеттин дабаасы бар, ал – үмүт, ынтымак, биримдик! Туу түбүнө чогулуп, кол кармашып, бир туугандык сезим менен чогуу туралы!", - деди Искендер Матраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости