www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынын тургуну Катта-Булак айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында өзүн-өзү өрттөө акциясын өткөрүүнү көздөп жатат.

Анын айтымында айыл өкмөтү анын 5 гектар жайытын тартып алууда. Ал бир нече жылдан бери атасы пайдаланып келген жерлерге болгон укугун коргоп келүүдө.

"Өзүмдү өрттөйм, канча убактан бери бул маселе чечиле элек. Ал менин үлүш жерим. Жеримди айыл өкмөтү алабыз деп жатат. Өлсөң өлүп кете бер дегендей кылышууда. Жер атамдан калган. Булар сүйлөшөйүн десең укпайт", - деди өзүн өрттөөгө аракет кылган жаран.

Азыркы учурда ал киши Катта-Талдык айыл өкмөтүндө жүрөт.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөевдин айтымында, 2008-жылы бул жерлер мамлекетке кайтарылып берилген жана жерди ижарага берүү токтотулган. Бирок жарандар аталган жайытты пайдаланууну улантып келген. Бир нече убакыт жергиликтүү бийлик аларга каршы чыккан эмес.

"Азыр аларга башка жерлер бөлүнүп берилген, бирок жарандар бул чечимге нааразы. Себеби алар ошол жерге беде себишкен. Чыр-чатактуу кырдаалды чечүү үчүн алар ушул жерлерди күзгө чейин пайдаланууга уруксат алышты", - деди Жантөрөев.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүн өрттөймүн деп коркуткан адам бул маселени жергиликтүү бийлик менен талкуулоо үчүн бөтөлкөдөгү бензинди четке коюп койгон. Ошол эле учурда, ал чиновниктер аны ушундай абалга алып келгенине нааразылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости