www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Моди Путинге Украина боюнча «кеңеш» берди

Кечээ, 16-декабрда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө ал Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча диалогго жана сүйлөшүүлөргө чакырды. Бул тууралуу Индиянын өкмөт башчысынын аппаратынын расмий сайтында маалымдалды.

«Украинадагы уланып жаткан чыр-чатактын контекстинде премьер-министр диалогго жана дипломатияга чакырыгын алдыга карай бирден-бир жол катары баса белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.

Индиянын премьер-министринин кеңсеси билдиргендей, ШКУ саммитинин алкагында Самаркандда өткөн жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелердин бир нече аспектилерин, анын ичинде энергетика, соода жана инвестициялык кызматташтык, коргонуу жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты жана башкаларды талкуулашты.

«Премьер-министр Нарендра Моди Орусиянын президенти Путинге Индиянын G20га төрагалыгы тууралуу маалымат берди жана анын негизги артыкчылыктарына токтолду. Ал ошондой эле Индиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалыгы учурунда эки өлкө кызматташат деген үмүтүн билдирди. Лидерлер бири-бири менен үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашты», - деп айтылат Индиянын премьер-министринин кеңсесинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости