www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын-пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, президент Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Казино мыйзамынын кабыл алышканы, Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп беришкени аркылуу элдин назарынан биротоло калышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 

Элибизде көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, өздөрүнүн функционалдуу милдеттерин аткара алышпай жалтаңдык, чабалдык кылып жатышкан депутаттардын көч баштаган лидерлери кимдер деген суроо жаралат? Биз мына ушул 7-чакырылыштын лидерлеринин чама-чаркы кандай экенине кезеги менен саресеп салып көрөлү. Бүгүн ортозаар позицияны карманып жаткан депутат Жанар Акаев тууралуу сөз болмокчу.

 Мокок Жанар Акаев

Жогорку Кеңешке келген партиялардын бири, 7 депутаты бар «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев. Жаш болсо дагы саясатта жылдызы жанып, бир фракциянын тизгинин уучтап турат.

Журналисттик кесиптен баар тапкандардын катарын толуктайт. «Азаттыктан» түз эле Ак үйгө секирик жасап, Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болуп ооматка жетти. Саясаттагы тушоосун Атамбаев кести. 2015-жылы КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат кылды. Бирок ичкен кудугуна түкүрүп, Текебаевдин интригасына кирип депутат кылган Алмазбек Атамбаевге каршы чыкты. Бир жолу даам сызган жериңе миң жолу салам берген деген кыргыздын наркын тепселеп салды. Мындан улам, Атамбаевди сатып кетти дешип коомдо жипкиргендер көп болду. Албетте, кийин Атамбаев камалып абакка отурганда тамак-аш киргизип, кечирим сурап барып жүрдү. Алдына түштү, катасын мойнуна алды. Бул жагынан жигитчилик кылды.

2020-жылкы жокко чыккан шайлоодо «Ата Мекен» партиясын баштап барып, ийгиликке жеткен жок. Садыр Жапаров бийликке келгенде «Альянс» партиясынан депутат болуп келди. Аз жерден мандатынан ажырап кала жаздады. Фракция лидери Алтынбек Сулайманов Ысык-Көлгө губернатор болуп кетип, ордун ээлеп калды.

Учурда суудан тайыз, чөптөн жапыз болуп, жыландын куйругун басып албайын дегендей өтө сак. Өзүнө ыңгайлуу учурда гана үн катпаса, көпчүлүк учурда коймарээк тартып тынч. Атамбаевдин учурундагыдай эркелиги жок. Жапаровдун бийлигин күпүлдөп сындаганга чамасы жетпей калды. Курчтугу мокоду. Негизи Жогорку Кеңештин кадырын калыңдатып, аброюн арттырчулардын бири болчу. Тилекке каршы, андай деңгээлге жетпей, ортозаар позицияны карманып жатканы өкүндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости