www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Марал" радиосунда «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов менен Равшан Жээнбеков маек куруп жатып, бири - бирине сын айтты. Маектин жүрүшүндө Молдокматов Жээнбековдун 2001-2004-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда Кыргызстандагы болгон завод - фабрикалар баштаган ырыстуу мекемелердин баарын ит бекер сатып, менчиктештирүүгө бергенин айтып, оозун жаап кылды.

Бирок Жээнбеков кылган кылмыштуу ишин мойнуна албай, ажаан аялдарча ажылдап жатты. Мындай көрүнүш айласыздан талаа - түздө, чытырман токойлордо тарп аңдыган чөөлөрду эске салат экен...

Эмнеге  дегенде,   чын   эле Жээнбеков    Мүлк    фондусун башкарып  турганда  Молдокматов    айткандай   42    эмес, 300дөн  ашуун объектини  ит бекер сатып, өзү да бир топ мекемелерди  менчиктеп  алган. Бул кашкайган чындык.  2005-жылы ага Маммүлктөгү ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, бирок токтоп  калган. 2007-жылы кайра  жанданган. 2008-жылы болсо кайрадан кылмыш иши козголгон.

Бирок ошондой болсо да, акчасы көп Жээнбеков темир тор артына кетпей, баары менен тил табышып, жең ичинен сүйлөшчүсү менен сүйлөшүп, айтор «отко күйбөс, сууга чөкпөс» болуп ээн эркин жүрүп, элге акыл үйрөткүч болуп келди. 2010- козголгон кылмыш иши кыскарып кеткен. Азыр да коомчулук Равшандын атын укканда кыжыры кайнап, жерге түкүрүнөт. Анан ушундай адамдар тазалык, коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу сүйлөп, күйбөгөн жериңди күл кылат... Иттики десе, кысталак...

Мына ушундай жегичтерди жер бети кантип көтөрүп жүргөнүнө да баш чайкап, аргасыздан таң бересиң... Бирок кандай болгон күндө да, ким болсо да, акыры Кудай алдында жооп бере турчу күн келээрин унутпашы зарыл...

Булак: Багыт.kg

 

Последние новости